Орусиянын "Аэрофлот" авиакомпаниясы учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 31-августка чейин айрым чет өлкөлөргө болгон каттамдарды жокко чыгарат. Бул тууралуу авиакомпаниянын сайтына жарыяланды.
"2020-жылдын 1-майынан кийин аталган багыттар боюнча билеттерди сатып алган жүргүнчүлөр авиакомпаниянын веб-сайтында же байланыш борборунан төлөнгөн суммага ылайык автоматтык түрдө жокко чыгарылган каттамдардын билеттеринин акчасын ала алышат", - деп жазылган билдирүүдө.
Учуулар Актау, Актөбө, Аликанте, Алматы, Амстердам, Атырау, Афины, Баку, Бангкок, Барселона, Бейрут, Берлин, Бишкек, Болонья, Брюссель шаарларына, Европанын жана Азиянын бир катар башка өлкөлөрүнө учуулар аткарылбайт.