Индиянын Газиабад шаарында каза болду делген кыз эки аптадан соң үйүнө аман-эсен кайтып келген. Бул тууралуу индиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Ага ылайык, Индиянын Газиабад шаарында 27-июлда полиция кызматкерлери тарабынан чемодандын ичинен белгисиз кыздын жиликтенген жансыз денеси табылган. Маркумдун өздүгүн аныктоо үчүн полиция кызматы анын сүрөтүн социалдык тармактарга жайгаштырган. Көп өтпөй Алигарх шаарынын тургуну жансыз дене 24 жаштагы кызы Варишага таандык экендигин айтып, полицияга кайрылган. Жансыз дене апасына өткөрүп берилип, акыркы сапарга узатуу зыйнаты да өткөрүлгөн.
Окуядан 2 апта өткөн соң каза болду делген Вариша полицияга кайрылган. Айтымында, ага карата күйөөсү жана кайын журту тарабынан тынымсыз зомбулук көрсөтүлгөндүктөн, үйдөн качып кеткен. Буга чейин анын күйөөсү жана зомбулук көрсөтүүгө шектелген туугандары "киши өлтүрүү" беренеси менен камакка алынган болчу. Вариши аман-эсен кайтып келгендиктен, алардан "киши өлтүрүү" беренеси алынып, үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча териштирүү иши башталды. Ал эми жиликтенип чемоданга салынган маркумдун ким экендигин аныктоо иштери улантылууда.