Быйыл мектептерде окутуу процесси онлайн жүргүзүлөт. Бирок 1-класска бара турган балдарды мектепте окутуу маселеси ушул айдын ичинде толук чечилет.
Ал эми SUPER.KG порталы шаар тургундарына онлайн окууга көз карашы дегеле аталган системге канааттанышабы, балдар толук кандуу билим ала алышабы деген суроолор менен кайрылып көрдү.
Адатта аралыктан окуунун оң жана терс жактары бар. Окуунун мындай форматы мектеп окуучулары жана студенттер үчүн бир топ кыйынчылыкты жараткан өңдөнөт.