Ливандын Бейрут шаарындагы жарылуу боюнча деңиз портунун 16 кызматкери кармалды. Мындай маалыматты чет элдик маалымат булактары расмий маалыматтарга таянуу менен жазышууда.
"Аскер прокуратурасы шаардагы жарылуу боюнча алгачкы изилдөө иштеринин баштапкы баскычын аяктады. Порт администрация кеңешинен жана бажы башкармалыгынан, ангарда оңдоо иштерин жүргүзгөн жана ал жерде жарылуучу затты сактаган 18ден ашуун адам суракка алынган. Тергөөнүн алкаганда 16 адам кармалды", - деп жазылат маалыматта.
4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарында катуу жарылуу болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктан каза болгондордун саны 137ге жетти. 5 миңге чукул адам жаракат алышкан.