Коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында 9 ооруканада капиталдык ремонт жүргүзүлүп жатканы айтылды

6-августта президент Сооробай Жээнбеков Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Урматбек Кокочаров коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында аймактардагы жаңы ооруканалардын курулушунун жана ооруканалардын эски имараттарын капиталдык реконструкциялоонун, мектептердин авариялык абалдагы имараттарын ремонттоонун жүрүшү боюнча Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин учурдагы ишмердүүлүгү жана алдыга койгон пландары тууралуу маалымат берди.

Мамагенттиктин директорунун маалыматы боюнча, коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүүнүн алкагында 1 миң 105 орунга эсептелген 9 ооруканада капиталдык ремонт жүргүзүлүп жатат, Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында тез тургузулуучу материалдар менен 270 оунга эсептелген эксперименталдык ооруканалар курулууда.

Азыркы тапта курулуш иштери толук кандуу жүрүп жатат, объектилерди кыска мөөнөттүн ичинде куруп бүткөрүү пландаштырылууда. Бул долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен каражат каралган.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 29 мектеп авариялык абалда турат. Алардан 5 имарат оңдолуп-түзөлдү жана 1-сентябрга карата колдонууга берилет.

Урматбек Кокочаров дагы 15 мектептин кошумча корпустарынын курулушу Коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүнгөн каражаттын эсебинен жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Президент аймактарда ооруканаларды куруу жана ремонттоо боюнча долбоорлорду буга чейин бекитилген мөөнөттө ишке ашыруунун маанисин белгиледи.

Тоолуу аймактардагы алыскы айылдар фельдшердик жана акушердик пункттарга (ФАП) өтө муктаж. Коронавирус инфекциясынын азыркы абалын эске алуу менен ФАПтарды куруу маселесине өзгөчө көңүл буруу керек.

Ошондой эле мамлекет башчысы авариялык абалдагы мектеп имараттарын оңдоодо да аймактардагы ооруканаларды куруу жана оңдоп-түзөөгө болгондой мамиле кылууга чакырды.

"Көп кабаттуу үйлөрдү же ишканаларды курууну көздөгөн бир топ ишкерлер, уруксат документтерин алуу учурунда чиновниктер тарабынан жасалып жаткан бюрократиялык тоскоолдуктарга нааразычылыктарын билдиришүүдө. Кээде документтерди даярдоо узак убакытка созулуп кетип жатыптыр", - деди президент.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Урматбек Кокочаров уруксат документтерин алуу убактысы 210 күндөн 60 күнгө кыскарганын билдирди.

"Курулуш тармагын санариптештирүү максатында "Бирдиктүү терезе" жаңыланган камсыздоо программасы иштелип чыгып, 54 облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына киргизилген. Муну менен өлкө жарандарына мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшыртылат", - деди ал.

Президент бул тармакты санарипке өткөрүү ишин тездетүүнүн маанисин белгиледи.

"Санариптештирүү кызмат көрсөтүү жана жарандарга уруксат берүү чөйрөсүндө адамдык факторду азайтат, бул өз кезегинде Мамлекеттик курулуш комитетинин ишиндеги коррупциянын деңгээлин кыйла төмөндөтөт", - дейт Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан