“Таманыңыздан өөп, жакшылыгымды арнай берем". Анжелика апасына унаа белек кылды

Кечээ, 6-августта ырчы Анжеликанын апасы Гүлина Молдалиеванын туулган күнү өттү. Ырчынын апасын дос туугандары, кесиптештери жана Анжеликанын достору куттукташты. Ал эми Анжелика апасына унаа белек кылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып, кызыктуу сүрөттөр менен бөлүштү.

“Таманыңыздан өөп, болгон жакшылыгымды сиз үчүн арнай берем. Дүйнөдөгү эң сулуу, эң бактылуу айымым. Туулган күнүңүз менен куттуктайм", - деген Анжелика.

Ал эми апасы кызына ыраазычылык билдирип, төмөнкүдөй сөздөрүн арнаган.

"Биздин үй-бүлөгө арнаган белегиңе чоң рахмат. Ар дайым ден соолукта бол, алдыга койгон көптөгөн максаттарыңа жетип, эл арасында аман бол", - деп жазган ырчынын апасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
bekhaliev
2020-08-07 09:41:59
Оббоо оббооо
+5
i1urp
2020-08-07 10:00:01
Анжелика азаматсын. Сендей эрктуу айымдар бизде коп болсун. Ар кимдин коз карашына коз каранды боло бербе. Ар бир билген жомокторун, ушактарын суйлой беришет.
-6
nurikkg90
2020-08-07 10:16:55
акчаны кайдан таап жатат же чогулган акчадан артырып калганбы
+14
Bakbai
2020-08-07 10:41:38
Чогулган акчадан апасына машина алдыбы деген ой келет экен
+9
Shekeev969798
2020-08-07 11:17:13
Bakbai, Ою жамандарга ар кандай ойлор келеберет экен)))
+6
Baktyluumun98
2020-08-07 11:54:35
Bakbai,мага дагы ошондой ой келди. Чындап эле, бул кыз акчаны кайдан алат? Тан калыштуу..., осабняк, озуно машина, апасына машина...булардын баскан турганы, косметикасы воопще акча...
+5
Belek1710
2020-08-07 13:07:07
Baktyluumun98,Үйүн сатып атпады беле 250миң долларга, машина турса 1млн турса керек да, азамат Анжелика ишиңе ийгилик.
-1
bratanyn
2020-08-07 10:42:59
Бейиш энеледин таманы астында.Уул энесин,аял күйөөсүн ыраазы кылмайын бейишке кирбейт.
+14
elmira.
2020-08-07 11:22:32
Анжелика элдин назарына коп тушо бергенден чочулабайсынбы......?
+7
suban78
2020-08-07 12:01:17
Азаматсын Анжелика. Ийгилик. Негативди озун эптей албагандар жазат, конул бурба.
+1
Balam_bakytym
2020-08-07 13:57:57
Chogulgan akchalarga cheyin murda dele unaalardy alyp jurgon. Jaman oi oilogondon Kudaidan korkpoit ekensiner. Anjelika azamatsyz apanyzdy daiyma yraazy kylasyz.
+3
algakaray
2020-08-07 14:34:14
Мен деле апама подарить этким келет бирок, оз уйболуумдун тамагынан ашпай калат. Булар акчаны кантип, кайдан табат ыя?
+8
Dani
2020-08-07 15:17:41
Дагы Анжелика тыйынды кайдан таап атат деген чоон суроо?
+7
AdylbekB84
2020-08-07 16:08:14
Азаматсың апаңдын көзүнүн тирүүсүндө белек берип дубасын алганга эмне жетсин! Баарыбызга насип этсин, ата -энебизге белек берип, көңүлүн алуу!
-2
Dushabolna
2020-08-07 20:52:53
Мен да Белек бергим келет. Мээнет кыла берсек болуп калаар
+2
Farm94
2020-08-07 21:37:33
Каронавирус менен Анжелика деген вирустар жакынкы аралыкта кетпейт окшойт ÷
+2
tynara81
2020-08-08 00:20:42
Инстаграммды көпчүлүк катталган, ал аз болсо ошол жактан фейсбукка да көтөрүп барышкан бул жаңылыкты. Азамат экен апасын кадырлаган, бирок муну жаңылык кылып бул жакка супер инфо жазбай эле койсо, жогорку негатив сөздөр арналбайт болчу
0
Arai92
2020-08-09 02:14:03
Бул акчаны кайдан алды? Албетте элдин акчасынан апасына машина белек кылды да...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан