Кочкордо аялын сабап өлтүргөнгө шектелген адам 10 жылга эркинен ажыратылды

Нарын облусунун Кочкор районунда 37 жаштагы келиндин жансыз денеси өз үйүндө табылган. 2020-жылдын 1-январь түнү болжол менен саат 00:40 чамасында Кочкор РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Тез жардам" бөлүмүнүн фельдшеринен кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ Жаңы-Жол айылынын тургуну, 1983-жылы туулган С.Ж. аттуу келин каза болгондугун аныкташкан. Ал эми шектүү катары келиндин күйөөсү кармалган.

Бүгүн, 7-август күнү Нарын облустук сотунан SUPER.KG порталына айыпталуучу 10 жылга эркинен ажыратылганын билдиришти.

"12-майда Кочкор райондук соту 110 миң сом айып салуу менен айыпталуучуну 10 жылга эркинен ажыраткан. Айыпталуучу тарап буга макул болбой, апелляциялык арыз менен Нарын облустук сотуна кайрылган. Ал эми 4-августта Нарын облустук соту Кочкор райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
urmat94
2020-08-07 16:48:46
10 жыл азго Адам олтургонго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан