Фейсбук корпорациясынын кызматкерлерине 2021-жылдын июль айына чейин аралыктан иштөөгө уруксат берилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар компаниянын расмий билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, учурдагы коронавирус пандемиясынын коркунучун эске алуу менен саламаттыкты сактоо тармагы, өкмөт жана корпорациянын бир тараптуу чечими менен кызматкерлердин үйдөн иштөөсүнө уруксат берилди. Ошондой эле корпорация кызматкерлерге үйдө иштөө шарттарын камсыздоо үчүн 1миң доллар өлчөмүндөгү акы төлөп турмакчы.
Фейсбук корпорациясынын кызматкерлери ушул жылдын март айында, тагыраагы COVID-19 күч алып турган учурда аралыктан иштөөгө өткөн. Фейсбуктун башчысы Марк Цукербергдин айтымында, корпорация пандемия аяктаган соң ишин кадимки режимде жанданткан акыркы мекеме болот.
Буга чейин "Google" компаниясы да кызматкерлерине 2021-жылдын июль айына чейин аралыктан иштөөгө уруксат берген. Ал эми "Microsoft" компаниясы 2021-жылдын 19-январына чейин аралыктан иштөө режимине өткөн.