Тажикстандын белгилүү эстрада ырчысы Бахром Гафури каза болду

Тажикстандык белгилүү ырчы Бахром Гафури бүгүн, 7-августта эртең менен Дүйшөмбү шаарында Рудаки проспектисинде жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Land Cruiser жана КамАЗ унаалары кагылышкан. Ырчы Бахром Гафури алган жаракатынан улам ооруканага жетпей көз жумган.

Бахром Гафури 1976-жылы 29-февралда Ленин районунун Мавлоно айылында туулган. Ал "Парешон Шуди, ай дил" аттуу дебюттук ырын I курсунда Искусство институтунда окуп жүргөндө чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Djumahmatov
2020-08-07 13:28:22
Каап жаман болуптур "Гулижон" деп сыздап жүрдү эле
+2
Djumahmatov
2020-08-07 13:29:01
Жаткан жери жайлуу болсун Ааамин
+2
AdylbekB84
2020-08-07 15:52:18
Жаткан жери жайлуу болсун бирок муну биз Кыргызтандыктардын 99,9 пайызы тааныбайбызда!
+6
ALATOOLUK.JIGIT
2020-08-07 21:08:26
бироого акыл уйроткудой озум периште эмесмин. бирок шариятта ырчылар тооба кылмайынча бейишке кирбейт деген.
0
gulmi
2020-08-08 11:18:57
ALATOOLUK.JIGIT,Курандын кайсыл аятында ырдаганга болбойт деп айтылган?Шамиль Аляутдинов ырдаган куноо эмес деп айтып журот.Чала молдолор баарын болбойт дешет,бир гана Сирияга барып атышсан болот алардын ою боюнча.Мен жаарым жыланач ырдаган ырчылар эмес,Саламат Садыкова,Алтынай Нарбаева сыяктуу адамдардын сезимин ойготкон ырчыларды колдойм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан