АКШнын президенти Дональд Трамп “TikTok жана WeChat кытай мобилдик тиркемесинин коркунучуна каршы күрөшүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Жарлык кол коюлган күндөн 45 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Алар "ByteDance" жана "Tencent" ээлик кылган тиркемелерге тыюу салат", - деп айтылат маалыматта.
Жарлыкта TikTok жана WeChat АКШнын улуттук коопсуздугуна, экономика жана саясатына коркунуч катары аныкталган. Аталган тиркемелер колдонуучунун маалыматын чогултары айтылган.
"Бул Кытайга федералдык жана подряддык кызматкерлердин жайгашкан жерин иликтөөгө, шантаж кылуу үчүн жеке маалыматтарды түзүүгө жана өндүрүштүк тыңчылыкты жүргүзүүгө мүмкүндүк берет", - деп айтылат жарлыкта.
Буга чейин АКШнын президенти Microsoft же дагы бир америкалык компания TikTok сервисин 15-сентябрга чейин сатып алышы керектигин, болбосо өлкөдө колдонууга тыюу салынарын айткан.
Microsoft компаниясынан бул колдонмону сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү уланта тургандыгын айтышкан.