Түркияда дүйнөдөгү эң узун веложол ачылды

Түркиянын түштүгүндөгү Хатай провинциясында Жер Ортолук деңизинин жээгин бойлогон 26 чакырымдык велосипед жолу ачылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Веложол башка жолдор менен кесилишпейт жана дүйнөдөгү эң узун велосипед жолу катары эсептелет.

Маалыматка ылайык, аталган жол деңиз жээгин бойлой салынган. Ал Самандаг жана Арсуз калктуу конуштарын байланыштырып турат.

Ал эми Хатай провинциясынын губернатору Рахми Доган велосипед тилкесин эки багытта колдонсо болорун айтты. Анын биринчи багыты республикалык жана эл аралык мелдештерди өткөрүү болсо, экинчиси веложолдо 5 эс алуу зонасын уюштуруу пландалып жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан