Орусиянын Ингушетия Республикасынын Назран районундагы антитеррордук операция учурунда эркин күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн атынан Азия чемпиону болгон 25 жаштагы Муслим Евлоев атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 7-августка караган түнү болгон. Анда Муслим Евлоевдин үйүнө коопсуздук күчтөрү террордук кылмыштарды жасоого ниеттенген куралчан адамдар бар болушу мүмкүн деп келишкен. Жыйынтыгында атышуу болуп, Евлоев өлтүрүлгөн.
Муслим Евлоев эл аралык даражадагы спорт чебери эле. Ал күрөш боюнча Кыргыз улуттук курамасынын катарына 2015-жылы кошулган. Бул убакыт аралыгында ал Баку шаарында өткөн Ислам тилектештик оюндарында жана Стамбул шаарында өткөн "Яшор Догу" эл аралык турниринде жеңишке жеткен. Евлоев 2017-жылы Индияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга жана 2018-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын медалга ээ болгон.