Италияда шаар мэри 30 жыл банкта сакталган "кенч" таап алды

Италиянын Марино шаарынын мэри Карло Колицца 30 жыл банкта сакталган "кенч" таап алды. Бул жөнүндө дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка караганда, бул "кенч" 1990-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда банкта сакталган. Анда анча чоң эмес 50 алтын куйма болгон.

"Мен эки картон кутучаны ачканда, алар алтынга толо болчу. Бул учурда кымбат кенч таап алганымды сездим. Бул чоң, ошол эле учурда жагымдуу, күтүлбөгөн белек болду. Негизи эле бул тарыхта өзгөчө нерселер бар. Аларды түшүндүрүү үчүн окурмандарды кайра 30 жыл артка кайтаруу зарыл болот", - деген ал.

Алтын куймалардын тарыхы 30 жыл мурун башталган.

Аргентина командасы Дүйнө чемпиондугуна даярдыктарды өткөрүүдө Маринону тандап алышат. Ал жер тынч шаар болуп, Римге дагы, ошондой эле Альбано көлүнө дагы жакын жайгашкан.
Ошол кездеги, тагыраагы 1990-жылдардагы шаар мэри Жулио Сантарелли салтанаттуу иш-чарада муниципалитеттин атынан команданын оюнчуларын, машыктыруучуларды жана техникалык команданы сыйлоону пландаган. Ошондуктан шаар мэринин буюртмасы менен ар бири 25 граммдан болгон 50 алтын куйма жасалган. Бирок машыктыруучу футболчуларды бир мүнөт дагы алаксытууга болбой тургандыгын айткан. Мындан улам алтын куймалар Марино шаарынын мэриясына катталып, банкта сакталган.
"Бизди таң калтырган жагдай - алтын куймалары менен чогуу эч кандай керектүү документтери чыкпаганы. Андан соң банкка байланышканыбызда, алар чындыгында куймалар банк ячейкасында бар экенин тастыкташты. Бул таң калычтуу", - деген Карло Колицца.
4 жыл мурун шаар мэри болуп шайланганын, бирок мындай окуя тууралуу эч кандай маалымат укпаганын, бул кокусунан табылган кенч болгонун айткан. Табылган куймалардын ар биринде адам аттары бар болгон, демек белекке даярдалган.
1990-жылы Италияда футбол боюнча XIV Дүйнө чемпиондугу өткөрүлгөн. Анда Аргентина курама командасы оюнда коло медаль алган.
Италиялыктар Дүйнө чемпиондугунда ойногон футболчуларга алтын куймаларды тартуулашат же аларды сатып, муктаждарга жардам беришет.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AdylbekB84
2020-08-07 18:22:13
Соонун жаңылык экен, дүйнөдө кризис маалында табылган болсо, элине жардам болот!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан