Бишкектин Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 7-августта саат 12:20 чамасында Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын тушунда болгон. Анда Toyota Highlander унаасы менен Daewoo Labo унаасы сүзүшкөн.
Натыйжада Daewoo Labo унаасынан 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда эки унаа тең айып короосуна токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.