Пандемия шартына карабастан, айыл чарба тармагы жакшы көрсөткүчтөргө жетишкенин бүгүнкү брифингде Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.
"Буудайдын себилиши өткөн жылга караганда 7,5 миң гектарга жана арпанын себилиши 11,2 миң гектарга көп болду. Бул буудайдан 2 центнерге жана арпадан 1,8 центнерге көбүрөөк түшүм алабыз дегенди билдирет. Мисалы, өткөн жылы 601 миң тонна буудай алсак, быйыл 680 миң тонна алууну пландап жатабыз", - деди Чодуев.
Анын айтымында, өзгөчө абал киргизилген Ат-Башы, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна донорлордун жардамы менен 3 түрдүү жеңилдетилген насыялар гранттык түрдө берилген.