Орусиянын Ингушетия Республикасында атып өлтүрүлгөн балбан Муслим Евлоев күрөш боюнча Кыргыз улуттук курамасынан 2018-жылы чыгарылган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматкери Нурпери Садырбекова билдирди.
"Муслим Евлоев 2018-жылы курама командада болуп, Бишкекте өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугуна катышкан. 2019-2020-жылдары улуттук курама команданын мүчөсү болгон эмес", - деди Садырбекова.
Бүгүн, 7-августка караган түнү Кыргыз өлкөсүнүн атынан Азия чемпиону болгон Муслим Евлоев Орусияда атып өлтүрүлгөндүгү кабарланган.