Марк Цукербергдин байлыгы биринчи жолу 100 миллиард доллардан ашты

Фейсбуктун негиздөөчүсү жана жетекчиси Марк Цукербергдин байлыгы биринчи жолу 100 миллиард долларды түздү. Мындай көрсөткүч TikTok тиркемеси жана Reels кызматын толук ишке киргизгенден баштап жогорулай баштаган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Цукербергден тышкары дүйнөдө эки гана адам 100 миллиард доллардан ашуун кирешеге ээ. Алар "Amazon" компаниясынын башкы директору Жефф Безос, анын кирешеси 190 миллиард доллар. Ошондой эле "Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс, анын байлыгы 120 миллиард долларды түзөт.

Ал эми акыркы учурдан тарта Фейсбук жана Инстаграм тармактарында колдонуучуларга 15 секундка созулган кыска музыкалык видеолорду жаратууга, жарыялоого жана бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берген Reels кызматы ишке кирген.

"2020-жылдын экинчи чейреги технологиялык компаниялардын ээлерине олуттуу киреше алууга мүмкүндүк берди, анткени адамдар коронавирус пандемиясынан улам интернетте көбүрөөк убакыт өткөрүшкөн", - деп айтылат маалыматта. Ошентип жыл башынан бери Цукерберг 22 миллиард долларга жакын, ал эми Безос 75 ​​миллиард доллардан ашык киреше тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан