Алай районунда 3 адамды дубал басып калып, бирөөсү каза болду

Оштун Алай районунда бир үйдүн дубалы кулап 3 адамды басып калды, алардын бири каза тапты. ӨКМ билдиргендей, 38 жаштагы Кара-Суу айылынын тургуну эски тамын бузуу учурунда жардамдашууга 2 коңшусун чакырат. Алар 32 жана 25 жаштагы жарандар болушкан. Чогулгандар дубалды түртүп кулатышмакчы болот, бирок дубал сыртка эмес өздөрү турган тарапка кулайт. Дубалдын алдында калган үчөө ооруканага жеткирилип, бирөө көз жумду. Каза болгон жаран 1981-жылы туулган жергиликтүү тургун экенин кабарлады министрлик  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
JJAN
2013-09-14 13:52:05
ким деген болду экен,менин жердештерим го
0
kokokola
2013-09-14 13:55:41
Kyday saktay kor! Kyrsyk kaw kabaktyn ortosunda dep beker aytylbaytta.
0
lime_boy
2013-09-14 15:57:02
Алайда Кара-Суу деген айыл барбы?
0
nsk-mk
2013-09-14 16:00:16
lime_boy, Будалыкта бар
0
allan
2013-09-14 17:26:26
Кырсык да!
0
chinko
2013-09-14 17:42:48
Уйдун ээси болот деген соз чын экенда. Уйду бузаарда ырымын кылышып анан бузат деп уккам. Мункун дубалдын оздоруно карап кулаганында себеби ошол себеп чыгаар. Аллах озун кырсыктан сактай кор.
0
muxammet
2013-09-15 03:47:46
бейиши болсун
0
sher89
2013-09-15 17:25:11
Ырым жырымм колдонсо аллааха ширк келтирген болот менимчеоз ажалы менен олгон
0
azia9393
2013-09-15 19:45:49
жаткан жери жайлуу,жаны жанаттан болсун.
0
sher89
2013-09-15 20:36:43
Жаткан. жерижайлуу болсун
0
nur007mir009kg
2013-09-15 23:13:14
Жаткан жери жайлуу болсун ажалы ошол жерден жазылган экен. Жаш да экен.
0
kyz19
2013-09-24 19:43:43
Алайда кайсы айылында экен? Ким дегендер экен? Кудайым озу сактасын, ажал экен да, айла жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан