Көптөн күткөн Чемпиондор Лигасы кайтып келди. Бүгүн түндө турнирдин 1/8 финалындагы жооптук оюндары болот

Бүгүн, 7-августтан 8-августка караган түнү футбол сүйүүчүлөрү көптөн бери күтүп келген, Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы жооптук оюндары өтөт. Оюндар 8-августка караган түнү саат 01:00дө башталат.

Оюндардын тизмеси:

"Ювентус" (Италия) - "Лион" (Франция), "Альянц" стадиону (Турин шаары, Италия).

Башкы калыс: Феликс Цвайер (Германия).

Бул эки команданын алгачкы оюну 26-февралда Лион шаарындагы "Льюмер" стадионунда болуп, 1:0 эсебинде "Лион" командасынын жеңиши менен аяктаган.

"Манчестер Сити" (Англия) - "Реал Мадрид" (Испания), "Этихад" стадиону (Манчестер шаары, Англия).

Башкы калыс: Феликс Брых (Германия).

Бул эки команданын алгачкы оюну 26-февралда Мадрид шаарындагы "Сантьяго Бернабеу" стадионунда болуп, 1:2 эсебинде англиялык клубдун жеңиши менен аяктаган.

Коронавирус пандемиясынан улам оюндар көрүүчүлөрсүз өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Syimyk.isaev
2020-08-07 21:25:30
Алга Мадрид!
+1
Sancho-
2020-08-07 21:57:17
Алга Ювентус
+2
Zamirbekkg
2020-08-07 22:08:43
Алга Сити алга лион
0
bayern-munchen
2020-08-09 19:41:23
Zamirbekkg,Сенин ойун туура чыкты
0
Islam98
2020-08-07 23:19:01
Ювентус-Реал Мадрид 1/4
0
Alinur
2020-08-07 23:22:16
Реал Мадридке ийгилик жана жениш!
0
Brilant-zhylan
2020-08-08 09:44:55
Юве менен Реалга 1/4 финалда кууруп койуптурбу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан