Батыш Европа өлкөлөрүндө жакынкы күндөрү аптаптуу аба ырайы күтүлүүдө. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында жазылды.
Андагы маалыматка ылайык, Франциянын батыш аймагында +42 градуска чейин ысык болот, ал эми Париж шаарында абанын температурасы +35 градуска чейин көтөрүлөт. Англияда жума күнү жыл ичиндеги эң ысык күн болору күтүлүүдө. Абанын температурсы буга чейинки коюлган рекордду жаңылашы мүмкүн. Англиядагы эң ысык аба ырайы 2019-жылы июль айында катталган (38,7 градус). Ал эми Бельгияда дем алыш күндөрү август айына мүнөздүү болгон температура 14 градуска чейин жогорулашы мүмкүн. Нидерланды өлкөсүнүн бир катар аймактарында жана Амстердам шаарында күн +32 градуска чейин ысык болору күтүлүп жатат.