АКШнын Флорида штатынын 60 жаштагы тургуну Доун Хабшер 30 жаштагы кызы менен курдаш көрүнөт. Аны тааныбагандар экөөнү курбу деп кабыл алышат. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмаларга берген маегинде айтып берген.
Доун Хабшер мындай келишимдүү жана жаш келбетинин сырын спорт менен машыгуу, терисине үзгүлтүксүз кам көрүү, толук кандуу уйку, туура тамактануу жана сууну көп колдонуу менен түшүндүргөн. Айтымында, анын 30 жаштагы кызы Шер ага саркеч болуу үчүн жардам берет. Экөөнүн кийиминин өлчөмү бир болгондуктан, чогуу "шоппинг" кылуудан ырахат алышат.
Ал эми кызы Шердин айтымында, апасы менен чогуу жүргөндөн сыймыктанат. Себеби экөөнү башкалар эгиз же курбу катары кабыл алышат. Апасы экенин укканда атүгүл жаш жигиттер да суктанышарын жашырган эмес.
Буга чейин 25 жаштагыдай көрүнгөн Нидерландынын 53 жаштагы тургуну тууралуу жазылган.