Кытайдын 36 жаштагы жашоочусунун ичи белгисиз оорудан улам чоңоюп кеткен

Кытайдын Гуйчжоу провинциясынын 36 жаштагы тургуну Хуань Госянь белгисиз илдет менен жабыркайт. Анын кесепетинен ичи чоңоюп кеткен. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ичи мындан 2 жыл мурун чоңоюп баштаган. Бүгүнкү күндө ичинин салмагы 20 килограммга жетет. Ал көптөгөн дарыгерлерге кайрылып, барбаган ооруканасы калган эмес. Изилдөөдө андан боордун циррозу, залалдуу шишик дарты, ошондой эле ичте суюктуктун ашыкча топтолуусу аныкталган. Бирок ичинин кескин түрдө чоңоюп кетишинин себебин аныктоого мүмкүн болгон эмес. Дарыгерлер ичиндеги ашыкча суюктукту чыгаруу үчүн операция жасашкан. Тилекке каршы, операциядан кийин ичи андан да чоңоюп кеткен.

Хуань Госянь эки баласына жетишерлик кам көрө албайт, басууда жана уктоодо кыйынчылык тартып келет. Өзүнүн окуясын маалымат каражаттарына айтып берүү менен дарылоого каражат топтоо үчүн кайрымдуу адамдардан жардам сурап жатканы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан