АКШда унаасынын дөңгөлөгү жарылып калган жаран аны оңдотууга барып, миллион доллар утуп алды

АКШнын Мичиган шаарынын тургуну унаасынын дөңгөлөгүн оңдотууга барып, миллион доллар утуп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, унаасынын дөңгөлөгүнүн жели чыгып калган жаран жакынкы жердеги дөңгөлөк желимдөөчү жайга барган. Ал жер жабык болгондуктан, жумушчуларды күтүп отуруп дүкөндөн сендвич жана лотерея сатып алган. Ал тыйын менен лотереянын сандарын тазалап, көргөн көзүнө ишенген эмес. Себеби ал лотереядан миллион доллар утуп алган эле.

"Мен ушунчалык толкундангандыктан, сендвичимди жегенди да унутуп коюптурмун", - деген ал.

Утуп алган каражатын ал үй-бүлөсүн жумшап, калганын аманат катары банкка саларын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bond02
2020-08-07 23:28:05
Акчаны мага котор доске, сага пицца салып жиберем.
+5
Kadyrova_
2020-08-08 07:31:33
Булдагы болсо Алланын буйругу уй бүлөөсүнө насип кылсын.Ар пенде ушунтип сүйүнсүн.
+6
algakaray
2020-08-08 14:04:44
Мен да утуп алсам чиркин! Биринчи эле сарсанаа кылдырып аткан кредит, карыздарымды жабат элем.
+3
toktor89
2020-08-08 22:14:11
А мен борбор калаабызга заманбап больница салат элем до копейкасына чеин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан