Орусияда атып өлтүрүлдү делген Муслим Евлоев тирүү экени айтылууда

Орусиянын Ингушетия Республикасындагы атышуудан каза болгондордун арасында эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Муслим Евлоев жок. Бул тууралуу аталган республиканын укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак орусиялык басылмаларга билдирген.

"Жок кылынган адамдардын өздүгү аныкталды, алар мыйзамсыз куралдуу топтун мүчөлөрү", - деп билдиришкен укук коргоо органдарынан.

Укук коргоо органында иштеген ишенимдүү булактын билдиришинче, Муслим Евлоев качып кеткен. Анын тууганы кармалган.

Атайын операция өткөн аптада офицердин өлтүрүлүшү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн атынан Азия чемпиону аталган Муслим Евлоев атып өлтүрүлгөндүгү кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bek0718
2020-08-07 23:46:10
Ошондой эле болсунчу.Чын болуп калса экен тируу болуп
+4
Baktyluumun98
2020-08-08 02:54:44
Кинодогудай эле болуптур ээ?
+2
suban78
2020-08-08 09:47:41
Ким эле бул Евлоев. Бизде туулуп чонойгонбу?
-3
Azamat_15
2020-08-09 10:06:10
Тезинен Кыргызстанга кайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан