14-сентябрда Жогорку Кеңеште өкмөттүн "Центерра" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча иш жыйынтыгы тууралуу маалымат берген өкмөт башчы буларды айтты:
“Сүйлөшүүнүн жүрүшү өтө оор болду. Бир да тарап коюлган талаптарга макул болгон жок. Ал эми өкмөт акыркы күнгө чейин “Кумтөр” долбоору боюнча макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү маселени койду. Жыйынтыгында биргелешкен ишкана куруу чечимине келдик. Директорлор кеңешине Канада жана кыргыз тараптан “50х50” шартында өкүлдөр катышат. Директорлор кеңешин кыргыз тараптын өкүлү жетектейт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өкмөттүн “Кыргыз алтындын”, "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосунда “Кумтөр” долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандумда долбоорду андан ары ишке ашыруунун негизги принциптери камтылган”.
Кенди "Центерра" компаниясы башкарат. Геологиялык, экологиялык, өндүрүш талаптары бузулган учурда компания башкаруудан кетет. Премьер-министрдин айтымында, аталган ишкана бизде өндүрүлбөгөн өнүмдөрдөн тышкары зарыл болгон бардык өнүмдөрдү Кыргызстандын өзүнөн сатып алат.
Талкуу жыйынтыгында КСДП фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков бул маселени парламенттик көпчүлүк коалициясынын кароосуна алып чыгып, аталган маселе боюнча бирдиктүү чечимге келүү сунушун киргизди.