Айрым маалымат булактарында өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы тууралуу айтылууда.
SUPER.KG порталы Жылкыбаев менен байланышты. "Азырынча бул суроого жооп бербей эле турайынчы", - деп жооп берди.
Ал 2018-жылдан бери өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келет.
Узарбек Жылкыбаев 1974-жылы 17-февралда Ысык-Көл районунун Ананьево айылында төрөлгөн. Ал 1999-жылы Казак мамлекеттик университетинен эл аралык мамилелер боюнча билим алган. 2014-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн.
1999-2001-жылдары Бостери айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин төрагасы;
2001-2002-жылдары "Бишкек" арак заводунун продукцияларын сатуучу;
2002-жылы Бишкек мэриясынын адиси;
2004-2008-жылдары Бостери айылдык кеңешинин депутаты;
2005-жылдары "Инвест-Радуга" жоопкерчилиги чектелген коомунун менеджери;
2005-2008-жылдары "Ысык-Көл-Аврора" санаторийинин маркетинг бөлүмүнүн башчысы;
2008-2012-жылдары Ысык-Көл райондук кеңештин депутаты;
2011-2013-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү;
2013-жылы "Кыргыз деңизи" санаторийинин филиалынын директору;
2015-жылы Ысык-Көл облустук Эркин күрөш федерациясынын президенти;
2015-жылы КСДП партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.
2017-2018-жылга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.