Биринчи вице-премьер-министр жылытуу мезгилине даярдык көрүү маселеси баарынан биринчи саламаттыкты сактоо системине тийиштүү экенин айтты

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков күз-кыш мезгилиндеги жылытуу маалына экономика чөйрөсүн жана калкты даярдоо маселеси боюнча штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен айтылып жаткан суунун аз болору боюнча маалыматтарга байланыштуу бул жыл биз үчүн маанилүү. Ар бир мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жылытуу сезонуна жана коронавирус инфекциясынын айтылып жаткан экинчи толкунуна даяр болушу шарт. Бардык социалдык мекемелер, анын ичинде ооруканалар жана бейтапканалар жылуулук менен камсыздалууга тийиш. Ар бир министрлик жана мекемелер алдыдагы күз-кыш мезгилине кылдат даярдануусу керек", - деди Алмазбек Баатырбеков.

Биринчи вице-премьер-министр жылытуу мезгилине даярдык көрүү маселеси баарынан биринчи саламаттыкты сактоо системине тийиштүү экенин белгиледи.

"Ар бир медициналык мекемеси кышка кандай даярдык көрүп жатканы боюнча маалыматтар берилип турушу зарыл. Бардык медициналык жайлар, өзгөчө жандандыруучу жана операциялык бөлүмдөр электр энергиясын берүүнүн кошумча булагы менен камсыздалууга тийиш. Көмүр жана мазут менен камсыз кылууда маселе жаралбашы керек. Аларды өз учурунда сатып алуу үчүн Финансы министрлиги керектүү каражаттарды бөлүп берүүсү кажет. Муну менен катар облус жетекчилери жооптуу экениңерди эске салам. Cилер өз аймагыңарды жакшы билесиңер, ошондуктан экономика тармагынын, мекемелердин жана калктын күз-кыш мезгилине өз учурунда жана толук кандуу даярдануусу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар менен өз ара тыгыз иштешкиле", - деди биринчи вице-премьер-министр.

Мындан тышкары Алмазбек Баатырбеков Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине электр энергиясын көп көлөмдө керектөөчү объектилерди альтернативдик отунга өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
karakyz23
2020-08-08 16:46:38
Туура көрүнүш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан