Балбан Муслим Евлоевдин тирүү экени белгилүү болду

Орусиянын Ингушетия Республикасында атып өлтүрүлдү делген балбан Муслим Евлоев тирүү. Бул тууралуу аталган республиканын "КУШТ" спорттук клубу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Урматтуу достор! Кечээ бардык федералдык жана жергиликтүү маалымат каражаттары Назрандагы атайын операция учурунда биздин эркин күрөш балбаныбыз Муслим Евлоев өлтүрүлгөнүн, айрым басылмалар аны терорист деп да жазышты. Бул маалымат чындыкка дал келбестигин ачык айткыбыз келет. Кечээ атайын операция учурунда өлтүрүлгөндөрдүн арасында Муслим Евлоев болгон эмес.

Муслим тирүү. Ал кармалган дагы эмес. Мындан тышкары бул жигитке каршы иш жасалмаланып жаткандыгын баса белгилегибиз келет. Муну ким жасап жатканын жана андан кандай пайда көрөрүн толук билбейбиз", - деп жазган спорттук клуб.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча Азия чемпиону болгон Муслим Евлоев атып өлтүрүлгөндүгү кабарланган. Өз кезегинде орусиялык басылмага укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак өлтүрүлгөндөрдүн арасында Евлоев жок экенин жана ал качып кеткендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Welcome.
2020-08-08 19:48:48
Тирүү эле болсун)
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан