Ырчы, дастанчы Азиз Батыров "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды.
"Мен жакын арада сыйлык алам деп ойлогон эмесмин. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кеңешчиси Урмат Усенов чалып сыйлыкка көрсөтүлгөнүмдү айтты. Салттуу музыкага кошкон салымым үчүн, ошондой эле кыргыздын 300дөй баласына комуз, дастан үйрөтүү боюнча сабак бергендигим үчүн, эки жолу Түркиядан баш байге, Казакстандан баш байге алып, өлкөнүн желегин желбиреткеним үчүн, кылган эмгектеримди сырттан байкап сыйлык берүүнү чечишкен экен. Менин эмгектеримдин баарын байкап, сыйлыкка татыктуу көрүшүптүр. Ыраазымын. Кубанычтамын. Сыйлыкты алгандан кийин дагы жоопкерчилигим көбөйдү. Элге дагы жакшы тараптан дастандарды жандандырып иштегенге бел байлап калдым. Бул сыйлык устаттарымдын, кыргыз элимдин сыйлыгы десем болот", - деп Азиз Батыров SUPER.KG порталына билдирди.