Сириядагы химиялык курал боюнча Орусия менен АКШ бир пикирге келди. Эми Сирия бир аптанын ичинде химиялык куралдын тизмесин эл аралык көзөмөлгө алып чыгып, андан кийин ал жок кылынат. Айта кетсек, сүйлөшүүлөр 3 күн бою Женевада Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин ортосунда жүрдү. Макулдашууга ылайык АКШ Сирия конфликтин чыр-чатаксыз чечүүнүн жолун издейт. Жон Керри: "Биз башында эле көйгөйдүн чечилиши саясий чечим болорун сүйлөшкөнбүз. Дал ушул багыт боюнча аракет кылууга даярбыз",- деди.
Ал эми Сергей Лавров: "Сириядагы химиялык курал боюнча маселе дыкат иликтениши керек. БУУнун инспекторлорунун докладдарын күтүү зарыл",- деп билдирди.
Белгилей кетсек, Дамасктагы химиялык куралдын колдонулушу боюнча БУУнун эксперттери иликтөө жүргүзүштү. Лавровдун билдиришинче, кийинки аптада иликтөөнүн жыйынтыгы БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мунга берилет.