Чемпиондор Лигасынын кийинки баскычына өтө албай калган Италиянын "Ювентус" клубу башкы машыктыруучусу Маурицио Саррини кызматтан алды. Бул тууралуу аталган футболдук клубдун сайтына жарыяланды.
"Ювентус" клубу бүгүн, 8-августта Франциянын "Лион" командасы менен ойноп, эки оюндун жыйынтыгы менен тең чыгып, конокто гол киргизе албай калгандыгы үчүн Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына өтө албай калган.
Учурда клуб жаңы машыктыруучуну издөөгө өттү. Башкы машыктыруучулук кызматка "Лацио" командасынын машыктыруучусу Симоне Индзагинин келиши күтүлүүдө.
61 жаштагы Маурицио Сарри "Ювентус" клубун 2019-жылдын июнь айынан бери машыктырып келген.