Жай мезгили дегенде эс алууну, саякаттоону, жер-жемиш, мөмө-жемиштерди анын ичинде дарбызды элестетебиз. Жайында базарга же дүкөнгө барганда дарбызсыз кайтпайбыз. Ошол биз сүйүп жеген дарбызды өстүрүүнүн түйшүгү, ырахаты, ошондой эле пандемиянын тийгизген таасири тууралуу Жалал-Абад облусунун тургуну, дыйкан Нургазы Акбаров айтып берет.
- Дарбызды быйыл биринчи жолу айдадыңызбы же буга чейинки тажрыйбаларыңыз бар беле?
- Мен дарбыз өстүргөнүмө 10 жылдан ашып калды. Бирок өз алдымча дарбызды өстүрүп баштаганыма 6 жылдай болду. Ага чейин бирөөлөргө жардам берчүмүн. Быйыл 1 гектар жерге дарбыз эктим.
- Быйыл жаз алды менен карантин жарыяланды эле, жазгы талаа иштерине ал кедергисин тийгизген жокпу?
- Коронавирус илдетине байланыштуу жазгы талаа иштеринде бир топ эле маселелер болду. Жазында дарбыз эгердин алдында мындай абал болуп калса, эртең биз базарга алып чыгып сата алабызбы деп ойлондук. Карантин созулуп кетсе кантип сатабыз деген ойлор келип, түйшөлттү. Бирок ага карабай эктик.
- Түшүм бул жылы кандай болду? Сиз болжогон түшүм болдубу?
- Негизи эле дарбыз өзү ысыкты жакшы көрөт. Акырындык менен күн ысыган болсо, дарбыз аябай жакшы болот. Бул жылы түшүм аябай жакшы болду. Түшүмдүн жакшы же азыктын даамдуу болушу климатка байланыштуу болот. Аба ырайы жакшы ысыбаса же өтө катуу ысып кетсе кедергисин тийгизет. Күн бир калыпта ысыганы түшүмдүн жакшы болушуна шарт түзөт.
- Түшүмдү сатуу түйшүгү тууралуу айтып өтсөңүз, кандай кыйынчылыктар болот?
- Жалал-Абад облусунда дыйкандардын атайын базары бар. Ошол жерде жашылча-жемиштер дүң баада сатылат. Талаадан базарга дарбызды алып барууда кыйынчылык жаратат. Жүк ташуучу унаа менен сүйлөшүп алып барабыз. Алар бир алып барганына 1 миң, 1 жарым миң сом төлөйбүз. Биз үчүн бир топ оор. Ошондо тапкан акчабыздын 10 пайызы кетип калат.
Түшүмдү базарга алып барганда ортомчулар болот. Алар бизден алып, дүкөндөргө же башка жерлерге сатышат. Эгерде базарда биз алып барган күнү дарбыз көбөйүп кетсе, баасы төмөндөйт же өтпөй калат. Дыйкандардын мээнети кайтпай калат. 1-2 күн дарбыз сатылбай калса эски деп эч ким албай коёт.
- Пандемия түшүмдүн сатылышына таасир тийгизген жокпу?
- Пандемия аябай таасирин тийгизип жатат. Себеби ушул маалда биз дарбызды 10 сомдон сатчубуз. Быйыл 6-7 сомдон сатып жатабыз. Тойлор, майрамдар, эс алгандар жок. Ошого байланыштуу эл дарбызды анча албай жатат. Базарлар жакшы иштебей, дарбыз бир топ эле арзан болууда. Түшүм жакшы болгону менен дарбыз арзан.
- Эмнеден улам дарбыз айдап калдыңыз, түйшүгү, ырахаты жөнүндө айтсаңыз, кирешелүү тармакпы?
- Мен кесибим боюнча дене тарбия мугалими болом. Мектепте, спорт мектептеринде иштеп келгем. Бирок өзүңүздөр билгендей, мугалимдердин айлыгы аз, жашоо-шартыма жетпейт. Мындан улам кошумча киреше табуу үчүн дарбыз айдап калганбыз. Мугалим болуп бир жылда 120 миң сом алсам. Дарбыздын түшүмү жакшы болсо 400-500 миң сомго чейин алса болот. Дарбыздын убактысы 75 күн 80 күнгө чейин эле. Ушундай аз убакыттын ичинде пайда табасың. Мамлекеттик жумушта 4 жылдап иштеп тапкан акчаны 2 жарым айда таап аласың. Дарбыз көп дыйканчылыкка караганда аябай кирешелүү десем болот.
- Акыркы жылдарда дарбызды, дегеле эгинди дары менен өстүрүшөт деген кооптонуулар күч алууда, мунун канчалык чындыгы бар экенин дыйкандан уксак?
- Акыркы жылдары Европада бардык нерсени химикаттар менен же башка нерселер менен өстүрүп келишет. Бирок бизде анчалык деңгээлде эгиндерге дары берилбейт. Эрте жазда бышкан дарбыздардын көбү дарыны көбүрөөк жейт. Кээ бир дыйкандар дарбызды тезирээк чыгарсак кымбат болот деп дары беришет. Бирок анчалык деле көп дары берилбейт. 20-июлдан кийин бышкан дарбыздарда дары жок десем болот. Күндүн нурун толук алып бышкан дарбыз. Даамы дагы жакшы болот. Коркпой жесеңиздер болот.