Бүгүн, 9-август күнү түндө Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын оюндары болуп өттү.
Испаниянын "Барселона" командасы өз үйүндө италиялык "Наполи" клубун кабыл алды. Лионель Месси баштаган "Барселона" командасы каршылаштарынан күчтүү болду. Беттеш кызыктуу болуп, 3:1 эсеби менен испаниялык клубдун жеңиши менен аяктады. Эки оюндун жыйынтыгы менен жалпы эсеп 4:2 болуп, "Барселона" турнирдин чейрек финалына өтсө, "Наполи" клубу турнирдеги жүрүшүн токтотту.
"Барселона" - "Наполи" 3:1;
Голдор: Клеман Лангле (10-мүнөттө), Лионель Месси (20-мүнөттө), Луис Суарес (45-мүнөттө), Лоренцо Инсинье (45-мүнөттө).
Германиянын "Бавария" командасы өз үйүндө лондондук "Челси" клубун кабыл алды. Жоооптук оюнда дагы "Бавария" клубу күчтүүлүк кылып, 4:1 эсебинде лондондук клубдун үстүнөн жеңишке жетти. Эки оюндун жыйынтыгы менен жалпы эсеп 7:1 болуп, "Бавария" клубу чейрек финалга жолдомо алса, Френк Лэмпарддын командасы турнирдеги жүрүшүн токтотту.
"Бавария" - "Челси" 4:1;
Голдор: Роберт Левандовский (10-86-мүнөттө), Иван Перишич (24-мүнөттө), Тэмми Абрахам (44-мүнөттө), Корентен Толиссо (76-мүнөттө).