Бейрутта нааразычылык акциясында жаракат алгандардын саны 700 адамдан ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 8-августта бир топ адамдар өкмөттүн кетишин талап кылып чыгышып, Тышкы иштер министрлигинин, Экономика министрлигинин, Энергетика министрлигинин мекемелерин басып алышкан. Күч органынын кызматкерлери ок чыгарып, мекемелерди бошоткон. Мындан 700дөн ашык адам жабыркап, 19 активист кармалган.