Кечээ, 9-августта Беларуста көптөн күткөн президенттик шайлоо өттү.
Беларусь өлкөсүнүн тарыхында буга чейин өткөн эң курч мүнөздөгү шайлоо болуп калды.
Дагы бир кызматтык мөөнөткө калууну көздөп жаткан президент Александр Лукашенкого каршы шайлоо нааразычылык акциясы менен коштолду. Анда акцияга чыккандар “Алаксендр Лукашенко кетсин!” деген плакаттарды көтөрүп, ызы-чуу салышты.
Буга чейин эле Светлана Тихановскаяны 26 жылдан бери бийликте турган президенттин башкы атаандашы деп айтып келишкен.
Шайлоонун жүрүшүн чагылдырып жаткан журналисттер акцияга чыккандар менен ОМОНдордун кагылышуусу болгонун, жаракат алган адамдар бар экенин жазышууда. Анда атайын полициялар көздөн жаш агызуучу ок колдонуп, кулак тундурган граната жардырып, элди таратуу аракетин көрүшкөн. Интернетке тараган видеолордон өрт өчүрүүчү автоунааны да көрүүгө болот.
Бирок ага карабай элди таратуу кыйын болгон.
Ал эми шайлоо учурунда Орусиялык журналисттер аккредитациясыз иштешкендиги үчүн кармалганы маалымдалууда.
Ал эми шайлоонун жыйынтыгы азырынча так айтыла элек. Беларуста улуттук экзит-пол учурдагы мамлекет башчы Александр Лукашенко президенттик шайлоодо жеңгенин көрсөтүп жатканын кабарлап жатат.
Белгилей кетсек Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы азыркы президент Александр Лукашенко баштаган Светлана Тихановская, Андрей Дмитриев, Анна Канопацкая, Сергей Черечендерди каттаган.