Милициянын кайгуул кызматкерлери ден соолукка оор зыян келтиргенге шектүүнү кармашты. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 8-августунда болжол менен саат 22:40 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына "Рыскулов менен Заводской көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жаран колунда бычагы менен адамдарды кубалап жүрөт" деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаган. Анда 1971-жылы туулган С.Э. аттуу жаран бычактан жаракат алып, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага кеткени белгилүү болгон.
Көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында, милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган М.Б. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук ИИБинин Тергөө кызматына өткөрүп берилген.
Бул факты боюнча Ленин РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренесинин "ден соолукка оор зыян келтирүү" негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.