Бейрут шаарындагы нааразычылык акциясынан кийин эки министр кызматтан кетти

Ливандын борбору Бейрут шаарында болгон ири жарылуудан кийин өкмөткө болгон кысым күчөдү. Жекшемби күнү, тагыраагы 9-августта болгон ири нааразычылык акциясынан кийин Ливандын өкмөтүнүн эки мүчөсү кызматтан кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ливандын маалымат министри Манал Абдел Самад жана айлана-чөйрө жана административдик өнүгүү министри Дамианос Каттар жарылуудан кийин кызматтан кеткен.

Буга чейин Ливан парламентинин төрагасы Набих Берри 13-августта чукул жыйын өткөрөрүн, анда өкмөт өлкөнүн борборунда орун алган жарылуу жөнүндө отчёт бере турганын билдирген.

Белгилей кетсек, Бейрутта 8-августта болгон нааразычылык акциясында демонстранттар полиция кызматкерлери менен кагылышкан. Жергиликтүү басылмалардын билдиришинче, полиция менен кагылышуудан 238 адам жаракат алып, алардын 63ү ооруканага жаткырылган.

Ливандагы көпчүлүк жарандар 4-августта 150дөн ашуун адамдын өмүрүн алган Бейрут шаарындагы жарылууга өкмөттү күнөөлөп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан