Бүгүн, 10-августка карата Америка Кошмо Штаттарында коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын жалпы саны 5 миллион 44 миң 769 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышкан.
Белгилей кетсек АКШ коронавирус жуктургандар жана андан каза болгон адамдардын саны боюнча дүйнө жүзүндө биринчи орунда турат. Пандемия башталгандан бери 162 миң 838 адам коронавирустан каза болгон. Ал эми оору жуктургандардын көбү Калифорния штатында (555 миң 700), Флорида штатында (526 миң 500), Техас штатында (498 миң) жана Нью-Йоркто (420 миң) адамдан катталган.