Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенкого жана анын үй-бүлөсүнө тиешелүү учак Беларусь өлкөсүнүн аймагынан учуп чыгып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, учактын экипаждары алдын ала пландаштырылган жана президенттин учагынын учкучтары аэропортто түнөшкөн. Учактын Түркияга конгону айтылууда. Учакта Александр Лукашенко жана анын үй-бүлө мүчөлөрү болушу мүмкүн экендиги кабарланууда.
9-августта Беларусь өлкөсүндө президенттик шайлоого добуш берүү аяктаган. Добуш берүүнүн жыйынтыгында учурдагы президент Лукашенко 79,7 пайыз добушка ээ болгон (анын башкы атаандашы Светлана Тихановская - 6,8 пайыз) Мындан улам Минск шаарында нааразычылык акциясы күчөп, баш аламандык жаралган.