Беларусь өлкөсүндөгү нааразычылык акциясынан бир адам каза болду

Кечээ, 9-августта Минск шаарында болгон нааразычылык акциясынан улам жаралган баш аламандыктан бир адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү "Весна" адам укугун коргоо борборунун өкүлү Валентин Стефанович жергиликтүү басылмаларга билдирген.

"Баш аламандыктан бир адам каза болгондугу жөнүндө маалымат бар. Дагы үч адам өтө оор абалда жатат. Каза болгон адам башынан жаракат алган", - деп билдирген Стефанович.

Буга чейин Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенкого тиешелүү учак Минск шаарындагы баш аламандыктан кийин өлкөдөн учуп чыгып кеткендиги кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bars88
2020-08-10 12:54:51
Биздикилер дагы октябрда ковиддин экинчи толкуну болот деп айтканына караганда.Шайлоодон кийин эл нааразы болуп митинге чыкпасын дегени да.Карантинге жаап салышат азыркы эле койлор келет да кайра эле
0
rafo80
2020-08-10 14:14:36
Bars88,Болот деп дүйнө жүзүндө айтып жатат го. Сага окшогондор вирус болбойт деп элдин башын айлантып жатат.
0
muku.85
2020-08-10 20:15:03
Неге шайлоо болот дегенден бери вирус токтогончо болбой турсун кооптуу деп атабыз, келгиле жакшы ниет кылып шайлоого эки ай бар экен ага чейин мурунку жашоого кайтып калабыз шайлоого барабыз деп ниет кылалы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан