“Кызым интернет карап, бир нерсе жаза турган абалга келе элек” дейт ырчы Асел Кадырбекованын апасы

Автокырсыкка кабылган ырчы Асел Кадырбекова ооруканадан үйүнө чыккандан көп өтпөй, Инстаграм баракчасында өзүнүн сулуулук салонунун жарнамасы жарыяланган болчу. Анын катталуучулары бул постко нааразычылыктарын билдиришкен. "Дароо эле ишти жарнама менен баштады. Ал үчүн дуба кылгандарга ыраазычылык билдирген жок" деген өңдүү комментарийлерди калтырышкан.

Буга байланыштуу бүгүн, 10-августта ырчынын апасы Дилбар Монокбаева социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элге кайрылып, жарнамалык постту өзү жазганын билдирди.

"Негатив комментарийлерди окуп жүрөгүм ооруду. Мен энемин, кызыма ушундай терс таасир эткен сөздөрдү ыраа көргүм келбейт. Кызым эч кимге катуу сүйлөбөгөн назик инсан. Сиздердин жазган дубаңыздарга эки жолу ыраазычылыгымды билдиргем. Эгерде ошол жазган ыраазычылыгымды окубасаңыздар, мен күнөөлүү эмесмин да.

Негатив жазган инсандар кызым экөөбүз жөнүндө аябай жаман сөздөрдү жазып моокумуңуздар кандыбы? Эмне маалымат уккуңуздар келди?

Ооба, кызым ооруканадан аман-эсен чыкты. Кудайга шүгүр, жандандыруу бөлүмүндө иштеген бардык медицина кызматкерлерине таазим кылам. Кызымды экинчи жолу төрөгөндөй болдум. Буюрса, акырындап өзүнө келе баштады. Убакыт керек экен. Сабыр кылып туруңуздар, кызым интернет карап, бир нерсе жаза турган акыбалга келе элек.

"Жарнама кылбай, кызың тууралуу маалымат бербейсиңби" дегендерге - салонду жарнамалоо менин ишим. Бизнести токтотсок артка кетет. Кызымдын ушунча эмгегин таштап коё албайм. Канча деген убактысын, эмгегин коротуп, жакшы ой-тилек менен ачкан салон элге кызмат кылып, киреше алып келсе, кызыма менден жардам болот. Эч кимди "балам" деп сыздатпасын, дуба кылып, кызым үчүн сарсанаа болгонуңуздарга ыраазычылыгымды билдирем”, - деп жазган Кадырбекованын апасы.

Эске салсак, ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында автокырсыкка кабылып, оор жаракат алган. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Ырчы кайра жандандыруу бөлүмүнө эс-учун билбеген абалда жаткырылган. Ал эми 4-августта анын үйгө чыгарылгандыгы кабарланган.

10:08:2020. Соңку маанилүү кабарлар топтому
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
i1urp
2020-08-10 15:35:03
Асель абдан сулуу, жакшынакай. Кыргыздын кыздары дайыма сулуу, жакшынакай, эрктуу, келбеттуу болуп журо бергиле.
+2
al-abu-kinesz
2020-08-10 15:36:15
Быдылдайт го. Же мен тез окуп алдымбы ))
+23
rysik79
2020-08-10 15:37:11
Аман- эсен айыгып кетсин калган жарнама салонуңар бир тыйынга да татыбайт.
+13
Guliza85
2020-08-10 16:36:26
Жаман комментарий жазгандар,башынарга салбасын!Балан ооруп,ыйлап турса ар бир эне ушинтип жазат.Кылган дубаларга рахмат дебей койду десенер анда адам деле эмессинер,азыркы конкуренция кучтуу учурда мээнети куйбосун деп эне байкуш кызынын жумушун улантып атат да жарнамалап.Бир аз тилинерди тыйсанар боло,оозум бар деп эле ойду тоону суйлой бербей.Асельге денсоолук каалайм,баатырак сакайып уй булон менен аман бологой.
+18
nargiz-sa
2020-08-10 20:08:02
Guliza85,кошулам пикириңизге дубаны да рахмат үчүн айтабы? Бизнес токтобош кк реклама болбосо иш жүрбөйт
+8
katerina.li
2020-08-10 16:41:17
Эми жашоо улана берет. Салонун иштетип ,кайра эле кызынын дары дармегин алаттыр мумкун. Неге мынча Таш боорсунар??
+16
Aimani
2020-08-10 17:03:31
Дуа кылгандар алланын ыраазычылыгы үчүн кылат. Рахмат үчүн эмес
+14
Twin
2020-08-10 18:26:33
Дуа кылгандар кайра рахматын сурабай эле коюшпайбы
+12
Imon7
2020-08-10 20:18:43
Аман калгагына да Кудайга шугур! Кичинекейдин бактысына бекем бол
+6
samirabi
2020-08-10 21:34:29
Адамдар эмне мынча пас болбосок,дуба кылгам рахмат айт деп.Тируу адамга тиричилик керек да,же силер бересинерби акчаны?
+7
faraon312
2020-08-11 00:16:26
Бата бергенге рахмат күткөн эмне деген майдачылык эми... Батаң Кудайга жакса болду да.
+4
AidaKurman
2020-08-11 10:02:07
Эн башкысы башыбыз аман болсун баарыбыздын. Аселя Жакшы болуп мурунку жашоосуна кайтсын. Апасын да туура тушунуш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан