Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда 15 жаштагы кызды зордуктаганга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Шектүүлөр кармалып, тергөө иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет", - деп билдирди басма сөз кызматынан.