Кесипкөй бокстун мурдагы дүйнө чемпиондору Майк Тайсон менен Рой Жонстун беттеши 28-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, беттешттен түшүүчү кирешени көбөйтүү максатында Тайсондун командасынын демилгеси менен жылдырылганы айтылат. Ал арада Рой Жонс дагы Майк Тайсондун тарапташтары менен жолугушууда бул сунушка макулдугун берген.
Буга чейин беттеш 12-сентябрда Калифорнияда өтөөрү айтылган.
Эске салсак, апрель айынын соңунда Майк Тайсон кайрымдуулук үчүн беттешке чыгууга даяр экенин жар салган.