Өзбекстандын Кыбрай районунда Жогорку Соттун мурдагы кызматкеринин жансыз денеси чемодандан табылды

Өзбекстандын Кыбрай районунда чемодандан кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кабар райондук ички иштер бөлүмүнө 8-август күнү келип түшкөн. Жансыз дененин жанынан 3 миң 100 сом табылган.

Айрым маалыматтарга караганда маркум Жогорку Соттун чарба бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген. Бирок ал кызматтан 10 жыл мурун кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча 7-августта маркум унаасын айдап, Ташкентеги медициналык мекемелердин бирине кеткен. Андан кийин анын унаасы Чиланзар районунан табылган.

Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал тумчуктурулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Учурда бул факты боюнча иш козголуп, тергөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Paprikafm
2020-08-11 23:02:33
Анын жанында биздин сом эмне кылып журот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан