Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко бүгүн, 10-августта Минск облусундагы Беларусь улуттук биотехнологиялык корпорациясына барды. Ал жактан ишкер Даниил Урицкий (кебетеси мурдагы экс-премьер-министр Данияр Үсөновго окшогон) киши менен жолугушканы интернетке тарады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анда Урицкий аттуу ишкер Лукашенкого таякча менен бир макетти көрсөтүп жатканын көрүүгө болот.
Маалыматта Лукашенко Минск облусуна иш сапары менен барып, Пухович районундагы жогорку технологиялуу агроөнөржай өндүрүшүн толук циклде уюштуруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышкан. Долбоорду "Беларустун улуттук биотехнологиялык корпорациясы" ишке ашырууда.
Данияр Үсөнов 2009-жылдын 21-декабрынан 2010-жылдын 7-апрелине чейин Кыргыз мамлекетинин премьер-министри болуп турган. Апрель окуясынан кийин чет жакка чыгып кеткен. 2014-жылы Апрель окуясы боюнча "Ала-Тоо" аянтындагы элди атууга катыштыгы бар деп "Үсөнов сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылсын" деген өкүм сот тарабынан чыккан.
2018-жылдын 27-июль күнү Беларустун жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов тууралуу маалымат жана анын сүрөтүн жарыялаган. Анын "Беларусь улуттук биотехнология корпорациясы" ЖАКсын жетектей тургандыгы, Данияр Үсөнов өзүн Даниил Урицкий деп тааныштыргандыгы интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууланган. Өлкөнүн Мамлекеттик каттоо кызматына мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов Кыргыз жарандыгынан чыгуу боюнча арыз менен кайрылган эместигин билдирген.