Санкт-Петербургда Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн кош бойлуу келин күйөөсү тарабынан сабалганы айтылууда

Санкт-Петербургда Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн келин күйөөсү тарабынан сабалган. Ал 33 апталык кош бойлуу болгон жана анын баласын дарыгерлер операция жолу менен сактап калышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 29 жаштагы келинди Боткин атындагы ооруканага алып келишкен. Текшерүүдө келинге тезинен операция жасалып, наристесин аман сактап калуу болгон.

"Келин 33 апталык боюнда болгон. Аны дарыгер кабыл алганда өзүн жаман сезип, жыгылып түшкөн. Ошол убакта ал 39 жаштагы күйөөсү тарабынан сабалганын айтып үлгүргөн. Учурда келин оор абалда ооруканада жатат. Ымыркайынын абалы жакшы. Ал эми аялын сабаганга шектелип жаткан күйөөсү кармалып, милицияга сурак берүүдө", - деп жазылат маалымат булактарында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl.jazi
2020-08-11 10:10:25
Эркек козуну, аял оозуну тыйса баары ордуна келмек. Эркектерде намыс деген калбадыбы? Аллахтын аманатына кыянат кылуудан уялбайбы...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан