АКШнын президенти Дональд Трамп жалпыга маалымдоо каражаттары менен сүйлөшүп жаткан. Аңгыча ага Ак Үйдүн кызматкери келип, бир нерсе жөнүндө кабарлаган. Кызматкер менен шыбырашып сүйлөшкөндөн кийин, Трамп күтүлбөгөн жерден пресс-конференцияны токтотуп, залдан чыгып кеткен. Бул учурду чагылдырган видео социалдык тармактарга тарады.
Кээ бир маалымат булактары билдиргендей, Трамп пресс-конференцияга кайтып келип, Ак Үйдүн жанында атышуу болгонунан улам чыгып кеткенин айткан.