Кечээ, 10-августта Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Чоң-Далы айылынын спорттук залына күрөш килемин берди. Бул тууралуу аталган мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ааламга кеткен жол айылдан башталат дегендей, так ушундай залдарда балдар биринчи ирээт спорт менен таанышып, бул жерде жаш таланттар ачылып, спортко сүйүү ойгонуп, чоң спортко биринчи кадамдар башталат. Биздин милдет – жаш спортчуларды даярдоо жана дене тарбия менен үзгүлтүксүз машыгууга жарандарды тартуу үчүн бардык шарттарды түзүп берүү болуп саналат", - деди өз сөзүндө Канат Аманкулов.
Өз кезегинде Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы Ногойбек Самтыров жана айылдын тургундары бөлүнүп берилген спорттук инвентар үчүн ыраазычылык билдиришти.