Оор салмак боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону, боксчу Майк Тайсон жергиликтүү телеканалдардын бирине шоу берүүгө тартылып жатып, суунун түбүнө тагыраагы акулаларга түшкөн. Ал Багам аралдарындагы акулаларга үч раунд бою туруштук берип, арасында сүзүп жүргөн. Бул тууралуу аталган телеканал социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, "акулалардын талашсыз жеңүүчүсү" деген билдирүүсүн калтырган.
Ал эми видеодон Тайсон инструктордун жардамы менен акулалар тобу жүргөн ачык океанга түшкөнүн көрүүгө болот. Жырткычтар өтө жакындап келгенде спортчу оолагырак түртүп коюуга аракеттенип жаткандыгын көрүүгө болот. Акулалардын бирин коопсуздук үчүн тумшугунан кармап алган учуру да бар.
Берүүнүн аягында Майк Тайсон чындыгында эле абдан корккондугун, анын үстүнө бул жаныбарлардын кебетеси ага такыр жакпагандыгын билдирген. Белгилей кетсек аталган программа "Акулалар аптасы"- Discovery телеканалынын жумасына бир жолу чыгуучу телешоусу болуп саналат. Ага атактуу адамдар, спортчулар конок катары чакырылып турат.