"Көрөр күнү бар экен". Индияда сөөгү жерге берилгенден 2 күн өткөндөн кийин ал адам тирүү кайтып келген

Индиянын Уттар Прадеш штатында Канпур шаарында Ахмад Хассан аттуу жаран өзүнүн сөөгү жерге берилгенден 2 күн өткөндөн кийин үйүнө кайтып келген. Бул кызыктуу окуя тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Анда жазылган маалыматка ылайык, 2-августта Ахмад Хассан жубайы менен болгон талаш-тартышуудан кийин үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткан. Үй-бүлөсү андан кабатырланып, полиция кызматына кайрылышкан.

Укук коргоочулар Хассанга окшогон эркек кишинин жансыз денесин табышып, 5-августта үй-бүлө мүчөлөрүн чакырып, аны көрсөтүшкөн. Хассандын агасы чындыгында ал иниси экендигин тастыктаган, ошол эле учурда жубайы андан күмөн санаганын айткан. Алар сөөктү алып, жерге беришкен.

Бирок 7-августта Хассан үйүнө кайтып келип, үйү жабык турганын көрөт. Коңшулары аны таанып, дароо полиция кызматкерлерин чакырышкан. Ахмад Хассан жубайы менен болгон талаш-тартышуудан кийин заводго иштегени кетип калганын айтат. Андан соң ал иштеген күндөрүнүн эмгек акысын алып, үйүнө кайтып келгенин билдирген.

Жубайы Нагма жолдошун тирүү көргөнүнө абдан бактылуу экендигин айткан. Ошондой эле полиция кызматкерлери тарабынан көрсөтүлүп көмүлгөн адам жолдошуна аябай окшош экендигин кошумчалаган.

"Учурда полиция кызматкерлери аты-жөнү такталбай, көмүлүп калган маркумдун жеке маалыматтарын тактоо иштери менен алек болууда" деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
-BOSS-
2020-08-11 12:56:11
Индияда ДНК анализи жок эле көмүп салышабы.
+2
Krai
2020-08-11 13:07:17
Негизинен Индияда аябай көп болот окшойт ушундай окуялар кечээ жакында эле бир сайттан да окудум эле ДНК сын текшеришбейт окшойт. Алардын медицинасы күчтүү деп биздикилер ошол жака барып атышат го түшүнүксүз
+3
-BOSS-
2020-08-11 13:29:16
Krai, хирургиясы жакшы өнүккөн болуш керек
+1
Tolkun555
2020-08-11 23:46:36
-BOSS-,ал жакта запчаст табылышы женилирээк
+1
AdylbekB84
2020-08-11 13:47:14
Миллиард ашык эли болсо анын жарымынан көбү кедей жашаса кайдагы ДНК,
+3
Aidar.001
2020-08-11 13:52:29
Булар соокту орттойт эле го
+2
-BOSS-
2020-08-11 13:59:10
Aidar.001, Индия көп диндүү өлкө, өрттөгөнү бар, бизге окшоп көмгөнү бар.
+2
Belek1710
2020-08-11 15:18:32
Таанып тааныбай туруп эле көмө беришет экен да булар, 10 күн өтпөй эле тааныбай калышабы, ич кийим кийим дегени бар го.
+3
Jibakana
2020-08-11 17:17:27
Индия фантастическая олко болуп Кетти го кийинки кундору коп жолу окудум ушундай случилерди
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан